АФИА «Тамчы» резиденттер үчүн биринчи бизнес-борборун ачат

«Тамчы» атайын финансы-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдүн жээгинде биринчи бизнес-борборун ачууда. Бул жерде АФИАнын башкаруучу компаниясынын кеңселери жайгашат — ушул учурдан тартып аймак бизнес менен расмий иштөөгө жана биринчи резиденттерди кабыл алууга даярдыкты баштайт.
Аянты 3 850 чарчы метр болгон бизнес-борбор кеңселерди жана коворкинг аймактарын, көп функциялуу конференц-залдарды жана сүйлөшүүлөр бөлмөлөрүн камтыйт. Жакынкы убакта объекттин аймагында ресторан жана кафе ачылат.
«АФИА «Тамчы» эл аралык бизнес жаңы ишеним чекиттерин жигердүү издеп жаткан мезгилде так пайда болду. Биринчи бизнес-борбордун ачылышы — бул аймактын чыныгы операциялык жашоосунун башталышы. Биз КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш, Европа жана Африка рынокторунун ортосунда финансылык жана логистикалык көпүрөлөрдү курууда — бүгүн бул көпүрөнүн биринчи дареги пайда болду, бул жерде биринчи резиденттерди кабыл алууга жигердүү даярдык көрүлүүдө», — деди Кыргыз Республикасынын юстиция министри, АФИА «Тамчыны» башкаруу боюнча Кеңештин төрагасы Аяз Баетов.
Бизнес-борбор ачылаардан бир аз мурда АФИАны башкаруу боюнча Кеңеш башкаруучу компанияны түздү, финансы борборун өнүктүрүү планын бекитти жана ченемдик документтердин биринчи топтомун кабыл алды. Ушуну менен катар Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборунун төрагасын жана судьяларын тандоо иштери жүрүп жатат.
АФИА «Тамчы» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы №136 Мыйзамы менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги болжол менен 6 000 гектар аймакта түзүлгөн. Резиденттер үчүн англис жалпы укугунун ченемдери боюнча иштөө, 49 жылга нөлдүк салык чен жана пайданы 100 пайыз репатриациялоо укугу каралган. 2035-жылга карата аймакта 3 900дөн ашык компанияны жайгаштыруу жана 10 000ден ашык жумуш орду түзүү пландалууда.
Иш-чарадан видеолор
Дагы окуңуз

Тогонун өкмөт делегациясы: АФИА «Тамчы» Африка өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат

«Тамчы» АФИА Дубайдагы AIM Congress форумунун өнөктөшү болуп, долбоорду Персия булуңу өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнө тааныштырды

«Тамчы» АФИАнын ишкердик кварталында 2026-жылдын аягына чейин беш жаңы объект пайда болот