АФИА «Тамчы» башкаруучу компания түзүп, ишке киришүүгө даярданат

#жаңылыктар
АФИА «Тамчы» башкаруучу компания түзүп, ишке киришүүгө даярданат

Биринчи жыйынында «Тамчы» атайын финансы-инвестициялык аймагынын (АФИА) Башкаруу кеңеши жетекчиликти дайындады. Кеңештин төрагасы болуп Аяз Баетов (юстиция министри), төраганын орун басарлары болуп Али Иджаз Ахмад жана Бакыт Сыдыков (экономика жана коммерция министри) шайланды.

Бул чечимдер АФИА «Тамчынын» ченемдик даярдыктан операциялык даярдыкка өтүшүн билдирди. Жаңы жетекчиликтин алдында резиденттер менен иштеп баштаганга чейин толук кандуу башкаруучу компания түзүү милдети турат.

Жыйында ошондой эле финансы борборун өнүктүрүү планы, ички иш регламенттери жана ченемдик документтердин биринчи топтому бекитилди. Башкаруучу компанияга толук жөнгө салуу базасын иштеп чыгууну аяктоо, резиденттер үчүн тейлөө экосистемасын даярдоо жана талаш-тартыштарды жалпы укуктун ченемдеринин негизинде кароочу Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун түзүү тапшырылды.

Кеңеш ошондой эле башкаруучу компаниянын ишин уюштуруп, жетекчи кылып Талантбек Имановду дайындады. Башкаруучу компания АФИАнын негизги органы болот: ал резиденттерди каттоо, лицензияларды берүү жана болжол менен 6 миң гектар аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү менен алектенет.

Жөнгө салуу механизмдерин ишке киргизүү менен катар борбор командасын жигердүү кеңейтүүдө. Негизги кызмат орундарына квалификациялык талаптар аныкталып, негизги позицияларга арыздарды кабыл алуу башталды. Кадрларды тандоо бүт борбор боюнча, анын ичинде эл аралык деңгээлде таанылган квалификациялуу Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборунун төрагасын жана судьяларын тандоо менен катар жүрүп жатат. Алгачкы курамды жаңылап, Кеңешти күчөтө турган эл аралык профилдеги талапкерлерди издөө жүрүүдө.

2026-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде АФИАнын биринчи бизнес-борбору ачылат, ал жерде башкаруучу компаниянын кеңселери жайгашат. Бул бизнес менен расмий иштөөнүн жана биринчи резиденттерди кабыл алуунун башталышы болот.

«АФИА «Тамчы» Борбордук Азияга багытталган эл аралык капитал үчүн ыңгайлуу юрисдикция катары түзүлүүдө: англис жалпы укугунун принциптерине негизделген, көз карандысыз сот менен тейленген жана инвесторлор алдыңкы финансы борборлорунан күткөн стандарттар боюнча иштеген», — деп белгиледи Кеңештин төрагасы Аяз Баетов.

«Ысык-Көл аймактын эң ири рынокторунун — Борбордук Азиянын, Кытайдын жана Жакынкы Чыгыштын кесилишинде жайгашкан. Ошол эле учурда эң жакынкы эл аралык деңгээлдеги финансы борбору миңдеген чакырым алыста. Компаниялар ачык-айкын эрежелер, кесипкөй команда жана көз карандысыз арбитраж иштеген юрисдикцияларды тандашат. Дал ушундай инфраструктураны биз бул жерде нөлдөн баштап түзүп жатабыз — аймактын өсүп жаткан экономикалык интеграциясын колдоо үчүн өтө маанилүү звено катары», — деп белгиледи АФИА «Тамчыны» башкаруу боюнча Кеңештин төрагасынын орун басары Али Иджаз Ахмад.