«Тамчы» АФИАнын Башкаруу боюнча кеңешинин төрагасы АКШдан келген жогорку деңгээлдеги делегация менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын юстиция министри, «Тамчы» АФИАнын Башкаруу боюнча кеңешинин төрагасы Аяз Баетов 1-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын расмий жана ишкер чөйрөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушуу өткөрдү.
Делегациянын курамына, атап айтканда, АКШнын Монтана штатынан сенатор Стив Дэйнс, АКШ президенти Дональд Трамптын глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, ошондой эле америкалык инвестор жана меценат Константин Соколов кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык экономикалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, финансылык жана инвестициялык күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча мындан аркы кызматташтыктын келечеги жана байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Америкалык тарапка «Тамчы» АФИАнын долбоору тааныштырылып, юрисдикциянын өзгөчө укуктук жана салыктык режими, анын институционалдык түзүмү, ошондой эле заманбап ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү калыптандырууга багытталган ыкмалары тууралуу маалымат берилди.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын майрамдоо күндөрүндө, өлкөдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда уюштурулду.
Дагы окуңуз

Тогонун өкмөт делегациясы: АФИА «Тамчы» Африка өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат

«Тамчы» АФИА Дубайдагы AIM Congress форумунун өнөктөшү болуп, долбоорду Персия булуңу өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнө тааныштырды

«Тамчы» АФИАнын ишкердик кварталында 2026-жылдын аягына чейин беш жаңы объект пайда болот