Ысык-Көлдө келечектеги «Тамчы» АФИАсынын капсуласы коюлду

Ысык-Көл облусунда «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын капсуласын коюу салтанаттуу аземи өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев катышты.
Аземде сүйлөп жатып, ал мамлекеттин эл аралык бизнести колдоого даяр экенин баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасы инвесторлор үчүн ачык. Биз түшүнүктүү эрежелерди, сапаттуу коштоону жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылабыз. Биз сиздердин ийгилигиңиз — бул биз үчүн жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өсүш экенин түшүнөбүз», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.
Адылбек Касымалиев ошондой эле долбоор Кыргызстандын рекорддук макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн фонунда ишке киргизилип жатканын кошумчалады.
«Бүгүн өлкөбүздүн экономикасы жогорку темпти көрсөтүүдө: 2025-жылы ИДӨнүн өсүшү 11,1% түздү, ал эми акыркы төрт жылдагы орточо жылдык реалдуу өсүш 10,2%га жетти. «Тамчы» бул өнүгүүгө жаңы дем берүүчү фактор болот. Урматтуу инвесторлор, бакубаттыктын негизи — биримдикте. Кел, чогуу ийгиликтерге жетели. «Тамчыга» кош келиңиз!» — деди ал жыйынтыктап.
Иш-чарадан сүрөттөр
Дагы окуңуз

Тогонун өкмөт делегациясы: АФИА «Тамчы» Африка өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат

«Тамчы» АФИА Дубайдагы AIM Congress форумунун өнөктөшү болуп, долбоорду Персия булуңу өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнө тааныштырды

«Тамчы» АФИАнын ишкердик кварталында 2026-жылдын аягына чейин беш жаңы объект пайда болот















