Тогонун өкмөт делегациясы: АФИА «Тамчы» Африка өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат

#окуялар
Тогонун өкмөт делегациясы: АФИА «Тамчы» Африка өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат

Инвестицияларды колдоо, өнөр жай жана экономикалык эгемендик маселелери боюнча министр-делегат Артур Лилас Тримуа жетектеген Того Республикасынын делегациясы «Тамчы» Атайын финансы-инвестициялык аймагына (АФИА «Тамчы») келди.

Делегациянын курамына, атап айтканда, парламенттин депутаты, экономикалык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Мавусси Джоссу Семонджи; сенатор, финансылык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Аджи Отет Аяссор; сенатор Алексис Джон Коффи Дарвин Акеребуру; жана каржы жана бюджет министринин кеңешчиси Мойем Баниаб кирди.

Сапар учурунда Тогонун өкүлдөрү АФИА «Тамчынын» инфраструктурасы менен таанышты. АФИА «Тамчынын» Каттоочусунун башкы директору Искендер Сыдыгалиев делегацияга юрисдикциянын ишмердиги, анын атайын укуктук жана салыктык режими, ошондой эле инвесторлор менен резиденттер үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө презентация өткөрдү.

Жолугушууда АФИА «Тамчыны» түзүү жана анын ишмердиги үчүн ченемдик-укуктук базаны калыптандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду. Делегациянын өкүлдөрүн тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу этаптары, аймактын ишин уюштуруу жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында атайын режимдин иштөө өзгөчөлүктөрү кызыктырды.

«Аткарылган иш мени таң калтырды: бекем саясий эрк болгондо бир жылдан аз убакытта туристтик аймакты эл аралык финансы борборуна айландырууга болот экен. АФИА «Тамчы» көптөгөн африка өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат, анткени ал инвесторлорду тартууга жана инвестицияларды өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багыттоого шарт түзөт. Мындай тажрыйба биздин өлкөлөр үчүн, анын ичинде Того үчүн чоң кызыгууну туудурат», — деди Тримуа.

АФИА «Тамчынын» өкүлдөрү финансылык юрисдикцияларды түзүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча тоголез тарабы менен кесиптик тажрыйба алмашууну улантууга даяр экендигин билдиришти.

Иш-чарадан сүрөттөр

Иш-чарадан видеолор