Виза режими

АФИА «Тамчы» атайын виза режимине ээ, КР Министрлер Кабинетинин 18.02.2026 №118 Токтому жана Өтүү-контролдоо режиминин тартиби (ушул Токтомго Тиркеме) менен деталдуу жөнгө салынган. «Тамчы» визаларынын 7 атайын категориясы каралган.

Визалардын түрлөрү

АФИАда 6 түрдөгү атайын «Тамчы» визалары бар:

Тамчы-интра (TIA) - 30 күнгө чейин

    • Кыска мөөнөттүү визиттер, таанышуу сапарлары, жолугушуулар үчүн.

Тамчы-бизнес (TB) - 180 күнгө чейин

    • Ишкердик иш-аракеттер үчүн.
    • 60 күнгө узартуу.

Тамчы-инвестициялык (TI) - 5 жылга чейин

    • Инвестициялык иш-аракеттер үчүн.
    • Чектөөсүз чыгуу.
    • Үй-бүлөлүк виза консулдук жыйымсыз.

Тамчы-кызматкер (TE) - 1 жылга чейин

    • АФИАда эмгек иш-аракети үчүн.
    • 5 жолу 10 күнгө чыгуу.

Тамчы-резидент (TR) - 1 жылга чейин

    • АФИАда турак жай ээлери үчүн.
    • Ушундай эле мөөнөткө узартуу.

Тамчы-үй-бүлөлүк (TF)

    • Виза ээлеринин үй-бүлө мүчөлөрү үчүн.

7) «Тамчы-конок» визасы / Tamchy-Guest (тип TG)

    • Конок визиттери, туризм, АФИАда кыска мөөнөттүү болуу.
    • Мөөнөтү: 30 календардык күнгө чейин.

Визасыз режим

«Ысык-Көл» аэропорту аркылуу АФИАга гана келгендер үчүн 96 сааттык (4 күн) визасыз режим.

Өтүү пункттары

4 түрдөгү КПП:

    • Автожол.
    • Аба жолу жүргүнчү.
    • Аба жолу жүк.
    • Жээк.

Тариздөө мөөнөттөрү

    • Стандарттык: 5 жумуш күн.
    • Шашылыш: 2 жумуш күн.

КР жарандарынын укуктары

    • КР жарандары жарактуу паспорт менен АФИАга эркин кирүү, жүрүү жана чыгуу укугуна ээ.

Депортация жана жоопкерчилик

    • Виза режимин бузган адамдар башкаруу компаниясынын эсебинен депортацияланат.